
.
Бишкек шаарындагы мечиттерге адамдын жүзүн таануучу видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардык милиция Мусулмандардын дин башкармалыгы менен биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Эми калаадагы мечиттерге жүз таануу функциясы бар заманбап видеокөзөмөл камералары орнотулат.



