
.
2025-жылы республикада ымыркайлардын өлүмү азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылганын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү 1000 ымыркайга 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөн. Ал эми төрөттөн каза болгон энелер саны көбөйүп, 2024-жылы 36 аял көз жумса, 2025-жылы 48 эне каза болуп, өлүм көрсөткүчү 35,4 пайызга жогорулаган.
Министр Каныбек Досмамбетов эне-баланын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч экенин белгилеп, аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин айтты.



