
.
Мамлекет турак жайы жок жарандарга батир курууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров “Беш жыл – жаңы доордун башаты” даректүү тасмасында билдирди.
Анда ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуштарына токтолуп, 4 пайыз менен батирлер берилгенин айтты.
“Президент Садыр Жапаров чет мамлекетте жүргөндө дагы бир топ кишилер менен сүйлөшкөн экен. Биз сураштырганда, мигранттар Кыргызстанда үйүм болсо, кайра өлкөгө кетмекмин дешкен. Кыргызстандагы жаштардын көпчүлүгү да ‘эч жакка кетпейт элек, эгерде үй ала турган шарт болсо’ деп билдирген. Ошондуктан 4% менен ипотекалык үйлөр Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, өлкө боюнча райондордун борборлорунда да курулууда. Айылда жаштардын да жакшы шартта жашоосу камсыз болушу керек. Азыркы күндө 60 миңден ашык батир курулуп, жарандар үйлүү болууда. Бул чоң иштердин баары башталган. Бюджетти көтөрүү, көйгөйлөрдү жеңүү – бул иштерди мамлекет өз колуна алган. Эл болсо баа берүүнү өз турмушу аркылуу гана билет”, – деди Акылбек Жапаров



