
.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жазгы талаа иштерине даярдыктары көрүүдө.
Учурда өлкөнүн бардык аймагында суу каналдарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Ош облусунун Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын Южный гидробөлүмүнүн "Эшме" суу бөлүштүрүүчү каналында механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.
Министр Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, сугат мезгилине чейин бардык каналдар тазаланып, сугат мезгилине даяр болууга тийиш.







