
.
Кыргызстанда жарандарга пенсия дайындоо үчүн талап кылынган иш стажынын минималдуу мөөнөтү өзгөрдү. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пенсия тууралуу мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр 2024-жылы киргизилген. Буга чейин аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка чыкканда пенсия алуу үчүн кеминде 20 жылдык иш стажы талап кылынчу. Өзгөртүүлөрдөн кийин минималдуу иш стажы 5 жыл деп белгиленип, бул мөөнөт этап-этабы менен көбөйтүлмөкчү.
Мукамбетовдун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта пенсия дайындоо үчүн 6 жылдык иш стажы талап кылынат. Бул стажга эмгек китепчесинде көрсөтүлгөн иш тажрыйбасы менен катар аскердик кызмат өтөгөн убакыт, декреттик өргүү жана мыйзамда каралган башка учурлар да эсептелет.




