
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 24 жаштагы Аймээрим Акишова жоголгону тууралуу арыз келип түшкөн
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 24 жаштагы Аймээрим Акишова жоголгону тууралуу арыз келип түшкөн. Кыздын жакындарынын айтымында, кыз сүйлөшкөн жигити менен жолугушууга чыккан боюнча дайыны жок.
Факт катталып, издөө иш чаралары башталды.
Белгилери: бою 165-170 см, арык дене түзүлүштө, ак жүздүү. Кара түстөгү спорттук кийим жана күмүш түстүү бут кийимчен болгон.
Милиция көрүп билгендер болсо,
0 (312) 35-29-47, 0 (312) 65-05-22, 0701 644 403 номурларына кабар берип коюуга чакырат.