
CyberSafe: Санариптик коопсуздук жана маалымдуулукту жогорулатуу программасыC5+1 Жаштар кеңеши CyberSafe санариптик коопсуздук жана маалымдуулукту жогорулатуу программасынын ишке киришин жарыялайт. Бул демилге 60 англис тилинде сүйлөгөн студенттердин — 30 Кыргызстандын Оштон жана 30 Өзбекстандын Ташкент шаарынан — киберкоопсуздук боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Семинарлар 2025-жылдын 20–21-сентябрында Ош шаарында (Кыргызстан) жана 11–12-октябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) өт
CyberSafe: Санариптик коопсуздук жана маалымдуулукту жогорулатуу программасыC5+1 Жаштар кеңеши CyberSafe санариптик коопсуздук жана маалымдуулукту жогорулатуу программасынын ишке киришин жарыялайт. Бул демилге 60 англис тилинде сүйлөгөн студенттердин — 30 Кыргызстандын Оштон жана 30 Өзбекстандын Ташкент шаарынан — киберкоопсуздук боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Семинарлар 2025-жылдын 20–21-сентябрында Ош шаарында (Кыргызстан) жана 11–12-октябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) өттү. Программа C5+1 Жаштар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан демилгеленген жана ишке ашырылган жаштар долбоору болуп эсептелет.


Борбор Азиянын эксперттеринин интерактивдүү семинарларынын жүрүшүндө катышуучулар олуттуу коркунучтарды жана коргонуу стратегияларды көрсөтүш үчүн реалдуу дүйнөлүк кейстерди колдонуп, практикалык билимин жогорулатып жана көндүмдөрүн өнүктүрүп, кибердик тобокелдиктерди жана коркунучтарды аныктоону жана аларды азайтууну үйрөнүштү . C5+1 Жаштар кеңешинин долбоордук командасы семинарлардын катышуучуларын ачык конкурс аркылуу тандап алды.


«Бүгүнкү жаштар санарип дүйнө менен мурдагыдан да бекем байланышта, бирок бул аларды санариптик кооптуулуктарга көбүрөөк алсыз кылат. CyberSafe студенттерге өздөрүн жана коомчулуктарын интернетте коргоого мүмкүнчүлүк берип, коопсуз жана туруктуу санариптик коомдорду түзүүгө салым кошот», — деп долбоор жетекчиси жана С5+1 Жаштар Кеңешинин мүчөсү, Айбийке Кубанычбекова билдирди.
С5+1 Жаштар Кеңеши жөнүндөС5+1 Жаштар кеңешинин максаты – Борбордук Азия боюнча активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн, «С5+1» программасынын артыкчылыктарын (тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдар аралык байланыштар) илгерилетүү боюнча иш алып барган жаш лидерлердин регионалдык тармагын өнүктүрүү.2016-жылы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги «С5+1» Жаштар Кеңешин негиздеген. C5+1» Жаштар кеңеши долбоору Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Жыл сайын жаңы мүчөлөр ачык конкурс негизинде тандалып алынат. Ачык конкурс төмөнкү этаптардан турат: анкета карап чыгуу, маектешүү, ар түрдүүлүктү эске алуу жана Жаштар Кеңешинин максаттарына болгон чын ыкластуу кызыгуу. Азыркы учурда «С5+1» Жаштар Кеңешинин курамында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандан келген 49 мүчө жана 186 бүтүрүүчү бар
Борбор Азиянын эксперттеринин интерактивдүү семинарларынын жүрүшүндө катышуучулар олуттуу коркунучтарды жана коргонуу стратегияларды көрсөтүш үчүн реалдуу дүйнөлүк кейстерди колдонуп, практикалык билимин жогорулатып жана көндүмдөрүн өнүктүрүп, кибердик тобокелдиктерди жана коркунучтарды аныктоону жана аларды азайтууну үйрөнүштү . C5+1 Жаштар кеңешинин долбоордук командасы семинарлардын катышуучуларын ачык конкурс аркылуу тандап алды.«Бүгүнкү жаштар санарип дүйнө менен мурдагыдан да бекем байланышта, бирок бул аларды санариптик кооптуулуктарга көбүрөөк алсыз кылат. CyberSafe студенттерге өздөрүн жана коомчулуктарын интернетте коргоого мүмкүнчүлүк берип, коопсуз жана туруктуу санариптик коомдорду түзүүгө салым кошот», — деп долбоор жетекчиси жана С5+1 Жаштар Кеңешинин мүчөсү, Айбийке Кубанычбекова билдирди.С5+1 Жаштар Кеңеши жөнүндөС5+1 Жаштар кеңешинин максаты – Борбордук Азия боюнча активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн, «С5+1» программасынын артыкчылыктарын (тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдар аралык байланыштар) илгерилетүү боюнча иш алып барган жаш лидерлердин регионалдык тармагын өнүктүрүү.2016-жылы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги «С5+1» Жаштар Кеңешин негиздеген. C5+1» Жаштар кеңеши долбоору Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Жыл сайын жаңы мүчөлөр ачык конкурс негизинде тандалып алынат. Ачык конкурс төмөнкү этаптардан турат: анкета карап чыгуу, маектешүү, ар түрдүүлүктү эске алуу жана Жаштар Кеңешинин максаттарына болгон чын ыкластуу кызыгуу. Азыркы учурда «С5+1» Жаштар Кеңешинин курамында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандан келген 49 мүчө жана 186 бүтүрүүчү бар



