
Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токтобаев таңкы рейд учурунда Сулайман-Тоодогу Кайып-Мазар көрүстөнүнө барып, ал жерди мэрияга өткөрүп берүү суранчы менен президентке кайрылуу жасады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Анын айтымында, Сулайман-Тоодогу көрүстөндү рекультивация кылуу зарыл. «Ыйык Сулайман-Тоодо турабыз. Биз президентибиз Садыр Нуркожоевичтен, генерал Камчыбек Кыдыршаевичтен суранабыз жана жазып жатабыз. Сулайман-Тоонун тээ жак жагы Маданият […]
Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токтобаев таңкы рейд учурунда Сулайман-Тоодогу Кайып-Мазар көрүстөнүнө барып, ал жерди мэрияга өткөрүп берүү суранчы менен президентке кайрылуу жасады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анын айтымында, Сулайман-Тоодогу көрүстөндү рекультивация кылуу зарыл.
«Ыйык Сулайман-Тоодо турабыз. Биз президентибиз Садыр Нуркожоевичтен, генерал Камчыбек Кыдыршаевичтен суранабыз жана жазып жатабыз. Сулайман-Тоонун тээ жак жагы Маданият министрлигине калсын, ЮНЕСКО коруктасын. Муну биз “мэрияга өткөрүп берсин” десек “статусу түшүп кетет” дегендей сөздөрдү айтып жатышат. Ошон үчүн Сулайман Тоонун тоо жагын талашпайбыз. Биздин талашкан жерибиз бул жер (Сулайман-Тоонун этек жагын көрсөттү).
Карасаңыз коноктор келсе эмнени көрсөтөбүз? Мүрзөөнү көрсөтөбүзбү? Көрүстөндү көрсөтөбүзбү? Ушул көрүстөнгө акыркы адамдын коюлганга 70 жыл болгон. Алдына 1 кылым болду. Качанчага чейин чакал булуу? Бул эч кандай мурас эмес да, көрүстөн да.
Араб өлкөлөрүндө 3-5 жылдан кийин рекультивация болот. Бизде 25 жыл, 30 жыл болот, 70 жыл болуп жатпайбы. Көрүстөндү алып, рекультивация кылып, бактарды тигип, газондорду тигип, тоонун боюн берки жагынан жоолду 1-2 метр кеңейтип туруп, Сулайман-Тоого туристтер өтчү кылып коюш керек. Кечээ биз алып келдик го электромобилдерди, ошону жүгүртүп койсокчу. Ош шаарынын ушул Сулайман-Тоо эле багат. Биз эми оштуктар талашканга укугубуз бар да туурабы?**
“Давай!” президенттибизге кайрылайлы, генералбызга кайрылып улуту жерди алайлы. Кандай дейсиңер? Карапай киши жок. Эмнени карайт эми бул? Эмнени көрсөтөбүз? Көрүстөндү алып чыкпаса болбойт да. Сулайман-Тоону качан дүйнөгө таанытабыз? Биз албасак силер албасаңар жата берет ушинтип», – деди ал.
Ал эми «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиинин башкы директору Медербек Апарханов ал жерди мэрияга өткөрүп берүүгө негиз жок экенин айтты.
«Буга чейин бир канча мэрлер Сулайман-Тоону мэрияга өткөрүү боюнча маселе көтөргөн. Азыркы мэрибиз да толук түрдө Сулайман-Тоону мэрияга өткөрүү боюнча бир канча жолу президентке кат жолдогон. Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да келип кеткен.
Мэрияга өткөрүп берүүгө негиз жок. Себеби улуттук статусу бар музейди жергиликтүү бийликке берсе, улуттук деген статусу кетет. ЮНЕСКОнун чыгып кетүү коркунучу бар.
Көрүнүштүн да Сулайман-Тоонун бир бөлүгү. Ал дагы эстелик катары катталган. Сөңкү алып чыгууга, ал жерге газон кылууга мүмкүн эмес. Биз мэриянын жардамысыз эле ал жерге газон эгип жолду кеңейтип, бак-дарактарды эгип алабыз. Бирок бул нерсеге мыйзам жол бербейт.
Дүйнөлүк банк тарабынан 12 миллион доллардын тегерегинде, ал эми Министрлер кабинетинин атайын «Көөнө тарых сырлары» программасы боюнча 7 млн сом акчага Сулайман-Тоонун регенерациялык планы иштеп чыгууга бөлүнгөн. Асаф ибн Бурхия күмбөзү реставрациядан өтүүдө. 2026-жылы реконструкциялоо иштери башталат. Ал учурда Сулайман-Тоо убактылуу жабылат», — деди ал.
Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүн дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине катталган. Анын корук аймагы 134,7 гектарды түзөт. Тоо түш жагынан Куурманжан датка көчөсү, түндүк тарабынан Гапар Айтиев, чыгышынан Навои көчөлөрү менен чектелет. Корук аймагынын ичине атайын режим орнотулган, анда курулуштун бардык түрлөрүнө, андан сырткары чарбалык иштерге да тыюу салынат.
Корук аймагынан сырткары буфердик зона бар. Буфердик аймак ЮНЕСКОнун тизмесине кирген бардык аймактарда бар. Сулайман-Тоонун буфердик зонасынын аймагына чыгыш тараптан Ак-Буура дарыясы, түштүк тараптан Р.Абдыкадыров көчөсү, түндүк-батыш тарабына Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жерлер кошулуп, 5 миң гектарга жакын жер кирген.



