
.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК жана мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн сатып алынуучу Airbus A321 учактарынын жаңы фирмалык дизайнын расмий тааныштырды.
Компаниянын маалыматына ылайык, учактардын сырткы жасалгасы авиакомпаниянын заманбап образын, улуттук өзгөчөлүгүн жана эл аралык багыттарды өнүктүрүүгө болгон стратегиясын чагылдырат. Дизайнда асманды, алдыга умтулууну жана Кыргызстандын дүйнө менен байланышын символдогон элементтер колдонулган.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жаңы A321 учактарынын ишке кириши өлкөнүн жарандык авиациясы үчүн маанилүү этап болорун белгиледи. Анын айтымында, Airbus A321 узак аралыкка учууга ылайыктуу, ыңгайлуу жана ишенимдүү учак болуп саналат, ал эми жаңы дизайн Кыргызстанды эл аралык аэропорттордо таанытууга кызмат кылат.
Белгиленгендей, учактарды сатып алуу жана эл аралык каттамдарды ишке киргизүү жүргүнчүлөр, туризм жана ишкердик байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле Кыргызстандын аймактагы заманбап авиациялык держава катары имиджин бекемдейт.

