
Эртең, 5-августтан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, кыймыл жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы. Быйыл Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолууда. Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсы
Эртең, 5-августтан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кыймыл жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Быйыл Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолууда.
Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.



