
Ноокендеги Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. коррупцияга шектелип кармалганын УКМК кабарлады. Атайын кызматтын маалыматында, Камчыбек Ташиев аймакта жүргөндө аны менен баарлашып, жер тармагындагы жемкорлукка тиешеси бар-жогун сураган. Жетекчи «коррупциялык иштерге тиешем жок, мыйзам бузуулар аныкталса жоопкерчиликти тартууга даярмын» деген. Анткен менен А.Б. 2019-2024-жылдары Достук айыл өкмөтүндө орун басар, андан кийин башчы болуп иштеп жүргөндө бир […]
Ноокендеги Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. коррупцияга шектелип кармалганын УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматында, Камчыбек Ташиев аймакта жүргөндө аны менен баарлашып, жер тармагындагы жемкорлукка тиешеси бар-жогун сураган. Жетекчи «коррупциялык иштерге тиешем жок, мыйзам бузуулар аныкталса жоопкерчиликти тартууга даярмын» деген.
Анткен менен А.Б. 2019-2024-жылдары Достук айыл өкмөтүндө орун басар, андан кийин башчы болуп иштеп жүргөндө бир топ былык ишке аралашканы аныкталган. Мисалы, 3,8 млн сомго бааланган 9620 чарчы метр жер тилке аффилирленген жакка 209 миң сомго сатылган. Аянты 325 чарчы метр жер 171 миң сомго берилген, ал эми базар баасы 438 миң сом болгон.
Шектүү тергөө абагына киргизилип, айланасындагы адамдарга карата иликтөө башталды.



