
Гимндин жаңы текстинин беш варианты тандалып, алардын музыкасына 8-сентябрга чейин сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/36840 Кечээ, 25-июлда, мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өттү. Анда 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуш каралган. Эми сынактын экинчи этабында бул […]
Гимндин жаңы текстинин беш варианты тандалып, алардын музыкасына 8-сентябрга чейин сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/36840
Кечээ, 25-июлда, мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өттү. Анда 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуш каралган.
Эми сынактын экинчи этабында бул тексттерге музыка тандалат. Композитор, ырчы, музыканттар сунуштарын 8-сентябрга чейин Маданият министрлигине Пушикина, 8 дарегине жөнөтсө болот.
Комиссия анын ичинен мыкты делген үч вариантты иргеп алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.



