
2025-жылдын 26-июнунан 30-сентябрга чейин Bakai Bank’тын ар бир кардары BakAi тиркемесинен милдеттүү ОСАГО полисин тариздеп, 30% нак акчалай кешбэкке ээ боло алышат!ОСАГО — бул автоунаа ээлеринин каржылык тобокелдиктер жана жол кырсыктары жаралган учурдагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Эгер сиз жол кырсыгынын себепкери болуп калсаңыз, камсыздандыруу компаниясы жабырлануучу тараптын чыгымын төлөп берет, тактап айтканда сиз чыгымды […]
2025-жылдын 26-июнунан 30-сентябрга чейин Bakai Bank’тын ар бир кардары BakAi тиркемесинен милдеттүү ОСАГО полисин тариздеп, 30% нак акчалай кешбэкке ээ боло алышат!ОСАГО — бул автоунаа ээлеринин каржылык тобокелдиктер жана жол кырсыктары жаралган учурдагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Эгер сиз жол кырсыгынын себепкери болуп калсаңыз, камсыздандыруу компаниясы жабырлануучу тараптын чыгымын төлөп берет, тактап айтканда сиз чыгымды өз чөнтөгүңүздөн чыгарбайсыз.2025-жылдан тарта полиси жок айдоочулар үчүн айып пул каралган. Ошондуктан ОСАГО полисин тариздөө — жоопкерчилик гана эмес, пайдалуу муктаждык болуп да саналат.Акциянын шарттары:• BakAi мобилдик банкы аркылуу ОСАГОну тариздөөдө, кардар полистин баасынан 30% кешбэкке ээ болот;• Кешбэк сиздин эсебиңизге реалдуу акча менен (бонус эмес) дароо келип түшөт;• Акциянын алкагында полис тариздеген бардык колдонуучулар катышуучу боло алышат;• Сунуш Bakai Insurance өнөктөшүнөн таризделген полистер үчүн жеткиликтүү.ОСАГОну кантип тариздейсиз:
BakAi мобилдик банкын ачасыз
«Сервистер» бөлүмүн ачып, → «Камсыздоо» бөлүмүнө өтөсүз
Жеке мүнөздөгү маалыматтарыңызды иштетүүгө макулдугуңузду бергенден кийин андан ары өтүңүз
«Жаңы ОСАГО ачуу» баскычын басыңыз
Киргизилген маалыматтарды текшерип, боштуктарды толтургандан кийин мөөнөтүн көрсөтүңүз
Төлөмдү тастыктаңыз — даяр!Кешбэк сиз полис үчүн төлөм жүргүзгөн соң, негизги эсебиңизге дароо келип түшөт.



