
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана мессенджерлерде банкка байланыштуу чындыкка дал келбеген билдирүүлөр тарап жатканы байкалууда. Айрым топтордо элди дүрбөлөңгө салган билдирүүлөр жайылтылып жатат. Бул боюнча MBANK расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады: «Банк бардык бөлүмдөрү менен кадимкидей иш алып барууда. Онлайн жана мобилдик кызматтар туруктуу иштеп жатат. Жайылган маалыматтар жалган жана атайын фейк мүнөздө. Бул боюнча […]
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана мессенджерлерде банкка байланыштуу чындыкка дал келбеген билдирүүлөр тарап жатканы байкалууда. Айрым топтордо элди дүрбөлөңгө салган билдирүүлөр жайылтылып жатат.

Бул боюнча MBANK расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады:
«Банк бардык бөлүмдөрү менен кадимкидей иш алып барууда. Онлайн жана мобилдик кызматтар туруктуу иштеп жатат. Жайылган маалыматтар жалган жана атайын фейк мүнөздө. Бул боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына расмий кайрылуу жолдодук», — деп билдиришти банктан.
MBANK жарандарды фейк маалыматтарга алданбоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырат:— расмий сайт: www.mbank.kg— байланыш номери: 3333
Банк ар бир кардардын ишенимин жогору баалайт жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун кепилдейт.



