
Өзбекстанда мектептерде, оорукана жана коомдук транспорт тармагында парник газдарынын бөлүнүшүн азайтууга жана энергияны үнөмдөөгө багытталган экологиялык долбоор башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика жана каржы министрлиги маалымдады. Долбоор алкагында мектептерде, бала бакчаларда жана медицина мекемелеринде термомодернизация жүргүзүлүп, энергияны үнөмдөгөн терезелер, жылуулук насостору жана күн панелдери орнотулат. Ошондой эле жылуулук изоляциясы жакшыртылат. Абанын булганышын жана CO₂ бөлү
Өзбекстанда мектептерде, оорукана жана коомдук транспорт тармагында парник газдарынын бөлүнүшүн азайтууга жана энергияны үнөмдөөгө багытталган экологиялык долбоор башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика жана каржы министрлиги маалымдады.
Долбоор алкагында мектептерде, бала бакчаларда жана медицина мекемелеринде термомодернизация жүргүзүлүп, энергияны үнөмдөгөн терезелер, жылуулук насостору жана күн панелдери орнотулат. Ошондой эле жылуулук изоляциясы жакшыртылат.
Абанын булганышын жана CO₂ бөлүнүшүн азайтуу — башкы максаттардын бири. «Таза» технологиялар колдонулуп, көмүртек отунунан баш тартуу экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө болот.
Транспорт тармагында электр унааларын сыноо, заряд станцияларын куруу жана абанын сапатын көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү каралууда.
Долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), Япония өкмөтү жана Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлиги тарабынан колдоого алынган.
Белгилей кетсек, өлкө 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүшүн 35 пайызга кыскартып, «таза» энергиянын үлүшүн 50 пайыздан ашырууну көздөөдө.



