
Кыргызстанда 20-22-июнь күндөрү «Эскерүү шамы» аталышындагы акция өтөт Бул жылы иш-чара Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Кант шаарларында, Панфилов, Ленин жана Беловодское айылдарында уюштурулмакчы. Анда тургундар Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, шам жагышат. Картада иш-чара кайсы шаарда, качан өтөрү көрсөтүлгөн. Бир гана Беловодское айылыныкы такталууда. Акцияны «Жеңиштин Кыргызстандагы ыктыярчылары» кыймылы, Ленинград блокадачыларын
Кыргызстанда 20-22-июнь күндөрү «Эскерүү шамы» аталышындагы акция өтөт
Бул жылы иш-чара Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Кант шаарларында, Панфилов, Ленин жана Беловодское айылдарында уюштурулмакчы. Анда тургундар Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, шам жагышат.
Картада иш-чара кайсы шаарда, качан өтөрү көрсөтүлгөн. Бир гана Беловодское айылыныкы такталууда.
Акцияны «Жеңиштин Кыргызстандагы ыктыярчылары» кыймылы, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому, Кыргызстан ардагерлеринин, ыктыярчыларынын уюмдары, «Русский дом», «Евразия. Кыргызстан» фонду уюштурмакчы.



