
Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-июнда тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерилген. «Тамактануучу жалардын ичи кир, кызматкерлердин санитардык китепчелери жок болуп чыккан. Мындан улам 15-июнда аларды санитардык нормаларды аткарганга чейин жабуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта. Кемчиликтер жоюлганга […]
Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июнда тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерилген.
«Тамактануучу жалардын ичи кир, кызматкерлердин санитардык китепчелери жок болуп чыккан. Мындан улам 15-июнда аларды санитардык нормаларды аткарганга чейин жабуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Кемчиликтер жоюлганга чейин төмөнкү жайлар жабылды:
Анкара көчөсүндөгү «Национальная кухня» ашканасы;
Бейшеналиева көчөсүндөгү «Ак Марал» кафеси;
Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү 11 тез тамактануучу жай.



