
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана ортомчулук кызматты аркалаган жарандардын ичинен Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөөдө чет өлкөлүк жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдардын тобун аныктады. Ошентип, Кыргыз
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин жана ортомчулук кызматты аркалаган жарандардын ичинен Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөөдө чет өлкөлүк жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдардын тобун аныктады.
Ошентип, Кыргызстандын жарандары М.Д.М., А.Э.А., М.З.А. жана С.к.С. чет өлкөлүк жарандар менен байланыш түзүп, Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча өз кызматтарын сунуштап, бул үчүн 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын которуу учурунда аталган адамдар кармалып, камакка алынды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.



