
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушуу ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин жыйынына катышуунун алкагында өттү. Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты. Эскерте кетсе
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушуу ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин жыйынына катышуунун алкагында өттү.
Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.
Эскерте кетсек, ТүркПАнын кезектеги жыйындары быйыл Казакстанда өтүүдө.



