
Бишкек шаарын 10-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу Чоң Чүй каналынан жоголгон адамды издөөгө чыгышты. Ал эми Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынан 15 милиционер, 2 ыктыярчы кинолог, туугандарынан 10 адам издөөдө. Дайынсыз жаран Чоң Чүй каналынын […]
Бишкек шаарын 10-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу Чоң Чүй каналынан жоголгон адамды издөөгө чыгышты.
Ал эми Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынан 15 милиционер, 2 ыктыярчы кинолог, туугандарынан 10 адам издөөдө.
Дайынсыз жаран Чоң Чүй каналынын жээктеринен жана суудан изделүүдө.
Кошумча маалымат берилет.



