
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Баткен шаарында жайгашкан 2,26 гектар аянтты камтыган “Агроснабтехсервис” мүлктүк комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган объект жеке менчикке мыйзамсыз негизде өткөрүлгөнү аныкталган. Тергөө-оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгында “Базар Башы” ЖАКтын жетекчилиги мыйзамсыздыкты моюнга алып, акционерлердин чечими менен мүлктү мамлекетке ыктыярдуу кайтарып берген. УК
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Баткен шаарында жайгашкан 2,26 гектар аянтты камтыган “Агроснабтехсервис” мүлктүк комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган объект жеке менчикке мыйзамсыз негизде өткөрүлгөнү аныкталган. Тергөө-оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгында “Базар Башы” ЖАКтын жетекчилиги мыйзамсыздыкты моюнга алып, акционерлердин чечими менен мүлктү мамлекетке ыктыярдуу кайтарып берген.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери жана социалдык объекттерди аныктоо иштерин улантып жатат.



