
Акыркы жылдары этно кийимдер базардан, жарманкеден, атүгүл масс-маркеттен да көрүнүп калды. Саймалуу камзол, оймолуу чапан, улуттук оюм түшүрүлгөн көйнөктөр — заманбап фасондо тигилип, кафе-көчөдө, салтанатта, студенттик кечеде кийилип жүрөт. Бир жагынан бул кубанычтуу көрүнүш. Илгери музейден же “Апамда эле болгон” деп эскерилген кийимдер эми жаштардын гардеробуна кирип жатпайбы. Бирок ошол эле учурда, көтөрүлгөн бир суроо […]
Акыркы жылдары этно кийимдер базардан, жарманкеден, атүгүл масс-маркеттен да көрүнүп калды. Саймалуу камзол, оймолуу чапан, улуттук оюм түшүрүлгөн көйнөктөр — заманбап фасондо тигилип, кафе-көчөдө, салтанатта, студенттик кечеде кийилип жүрөт.

Бир жагынан бул кубанычтуу көрүнүш. Илгери музейден же “Апамда эле болгон” деп эскерилген кийимдер эми жаштардын гардеробуна кирип жатпайбы.
Бирок ошол эле учурда, көтөрүлгөн бир суроо бар:мааниси менен кошо келдиби? Же жалаң сырткы формасын эле алып чыктыкпы?
Айрым бренддер үчүн улуттук оймолор — бул коммерциялык тренд гана. «Кыргызча стилде» деп сатылган кийимдердин көбүндө эмне оймо экендиги, кайсы аймактан алынганы, эмнени туюнтуп турганы жөнүндө маалымат таппайсың.
Же болбосо күнүмдүк кийимге айландырып жатканыбыз — улуттук мурастын эволюциясыбы? Же сактоонун ордуна “кадимки нерсе” катары кабылдап, баасын түшүрүп жатабызбы?
Азыр кыргыз этно кийимдерин алып сатқан ички рынок дагы кеңейди. TikTok же Instagram баракчаларында “улуттук стильдеги капюшон” же “тумар түшүрүлгөн оверсайз футболка” сатылып жаткандар көбөйдү. Бул көрүнүш жаңы доордун табигый көрүнүшүмү?
Макаланын автору: Бексултанов Омурбек, КУУ ЖжКИ ИЖ 1-21 группасы



