
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда иш сапары менен Венгрияга келди. Мамлекет башчынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Венгриянын премьер-министринин канцеляриясынын башчысы — министр Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген. […]
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда иш сапары менен Венгрияга келди.

Мамлекет башчынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Венгриянын премьер-министринин канцеляриясынын башчысы — министр Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген.
Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.



