
Мындай маалыматты «Оливин» ЖЧКнын өкүлдөрү президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон жолугушууда билдирди. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, завод саатына 70-80 м3 бетон аралашмасын чыгарууга жөндөмдүү. Сапаров облустун аймагындагы ишканалардын иштөөсүнө мамлекет тарабынан бардык мыйзамдуу шарттар түзүлүп, колдоого алынарын белгиледи. Учурда бетон аралаштыруучу 4 атайын техника (бетономешалка) келди. Бетон заводу ишке кирген учурда […]
Мындай маалыматты «Оливин» ЖЧКнын өкүлдөрү президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон жолугушууда билдирди.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, завод саатына 70-80 м3 бетон аралашмасын чыгарууга жөндөмдүү.
Сапаров облустун аймагындагы ишканалардын иштөөсүнө мамлекет тарабынан бардык мыйзамдуу шарттар түзүлүп, колдоого алынарын белгиледи.
Учурда бетон аралаштыруучу 4 атайын техника (бетономешалка) келди. Бетон заводу ишке кирген учурда Нарын шаарындагы ипотекалык үйлөрдү дагы бетон аралашмасы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эске салсак, 2024-жылдын сентябрь айынан тарта Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу «Запин-2» участогунда «Оливин» ЖЧКсынын саатына 160 тонна таш майдалоочу кубаттуулугу бар, кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводу иштеп жатат



