
ИИМдин “Унаа” ММси “Instagram” жана “Tiktok” социалдыктүйүндөрүндө “8500 сомго айдоочулук күбөлүк” аттуу жарыялоого байланыштуу маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тестирлөө жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жаатындагы жалгыз ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.“Telegram”, “Instagram” жана “Tiktok” сыяктуу социалдык тармактарда 4-5 күндүн ичинде айдоочулук күбөлүктү жасап берем деп убада кылган алдамчылар көп.Жеке маалыматыңызды жана акча [&he
ИИМдин “Унаа” ММси “Instagram” жана “Tiktok” социалдыктүйүндөрүндө “8500 сомго айдоочулук күбөлүк” аттуу жарыялоого байланыштуу маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тестирлөө жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жаатындагы жалгыз ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.“Telegram”, “Instagram” жана “Tiktok” сыяктуу социалдык тармактарда 4-5 күндүн ичинде айдоочулук күбөлүктү жасап берем деп убада кылган алдамчылар көп.Жеке маалыматыңызды жана акча каражатыңызды аларга бербөөгө чакырабыз. Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жасалма айдоочулук күбөлүктөр эч кандай юридикалык күчкө ээ болбойт, анткени алар айдоочуларды каттоо мамлекеттик системасына киргизилбейт.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жасалма документтерди жасоо жана колдонуу үчүн жоопкерчилик каралган, анын ичинде 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.








