
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталып, коомдук талкууга коюлду. «Белгилүү болгондой, турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда көзү ачык жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат. Алар келип чыккан көйгөйлөрдү өздөрүнүн демейдегиден башкача ыкмаларынын жардамы менен толук жок кылууга кепилдик берет. Мындай кырдаалда жогоруда белгиленген алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегет. Айласы кетип […]
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталып, коомдук талкууга коюлду.
«Белгилүү болгондой, турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда көзү ачык жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат. Алар келип чыккан көйгөйлөрдү өздөрүнүн демейдегиден башкача ыкмаларынын жардамы менен толук жок кылууга кепилдик берет. Мындай кырдаалда жогоруда белгиленген алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегет. Айласы кетип турган адам анын бардык кайгы-капасын жана көйгөйлөрүн жоюуга убада берген ар кандай адамга ишенүүгө даяр. Психологиянын жардамы менен адамдардын башын айлантуу жагынан зор тажрыйбага ээ болуу менен алар кайрылган жаранга анын келечегин, өткөндөгүсүн жана башкаларды көзү ачыктык кылып айтып берет. Жогорку технологиялардын жана илимий прогресстин кылымы болгон азыркы учурда өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес экендигин көрүү аянычтуу.
Белгилеп кетүү керек, «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык жазгырмалуу жарнама түшүнүгү бар. Ал Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Ошондуктан киргизилген толуктоолор жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө түшүнүктү так чектөөгө, атап айтканда, ак ниетсиз жарандар тарабынан алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюуну киргизүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.



