
2023-жылдын 21-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө», 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы №50 «Кыргыз
2023-жылдын 21-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө», 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы №50 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун 2023-2027-жылдарга карата Улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө » токтомунун талаптарын аткаруу максатында ыкчам башкаруу борборунда ЖКККББнын санариптик көзөмөлдөө тобу үчүн даярдалган кабинеттин бет ачары болуп өттү.Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары Октябрь Урмамбетов жана Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов, ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов катышты.Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков билдиргендей, бул мониторинг кабинети жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин, “АвтоУраган” аппараттык-программалык комплекстеринин ишмердүүлүгүн жана бодикамералардагы аудио-видео маалыматтар аркылуу ЖКККББнын кызматкерлерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү атайын жабдуулар менен жабдылган. Бул базалар Бишкек шаары боюнча МККБда жана Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүндө түзүлдү.ЖКККББнын кызматкерлерин санариптик көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн топ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу кызматкерлердин алдында турган милдеттерди ыкчам чечүү, коомдук тартипти, кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, чыр-чатактуу кырдаалдарды, укук бузууларды жана кылмыштарды видеофиксациялоо, кызматкерлердин тартибин жогорулатуу, кызматкерлердин ишинин ачыктыгын жана кайгуул унааларынын кыймылын көзөмөлдөө, ошондой эле коррупциялык көрүнүш фактыларын жоюу максатында түзүлгөн.ИИМдин жетекчилигине кызматкерлердин жайгашкан жери, сүйлөшүүлөрүнүн, аудио жана видеожазуулардын сапаты көрсөтүлдү. Мындан тышкары, бодикамералар айдоочуларды жана алардын жүздөрүн пара берүү фактылары үчүн каттайт, айланасында болуп жаткан окуяларды жазуу видео форматында болот, ал эми онлайн-мониторингдин жардамы менен тиешелүү чаралар көрүлөт. Эки метр бийиктиктен кулаганда же сууга түшкөндө дагы бул бодикамералар иштей берери айтылды.Мындан тышкары, тутум “АвтоУраган” аппараттык-программалык комплекстеринен алынган маалыматтарды республиканын кайсы районунда жайгашкандыгына карабастан көрсөтөт.Мындан тышкары, тутум «АвтоУраган» аппараттык-программалык комплекстеринен алынган маалыматтарды республиканын кайсы районунда жайгашкандыгына карабастан көрсөтөт. «АвтоУраган» издөөдө жүргөн унааларды, айып пулду убагында төлөбөгөн транспорт каражаттарды, убактылуу каттоодон чыгарылган транспорт каражаттарды, ошондой эле ылдамдыкты жогорулаткан жана башка укук бузуулары бар унааларды аныктайт.






