
Бишкек шаардык мэриясы менен Бишкекгорлифт борбордогу көп кабаттуу үйлөргө желдеткичи жана «сигнал» баскычы жок лифттерди массалык түрдө орнотууда. Бул тууралуу журналист Лена Нечаева Фейсбук баракчасына жазды. «Быйыл жайда «Бишкекгорлифт» ишканасы «Чыгыш-5» кичи районундагы 100 эски лифттерди алмаштыра баштаган. Биздин үйдө да алмаштырышты. 2 айга орнотулган. Көрсө, лифтте желдеткичи жана «сигнал» баскычы жок экен. Башкача айтканда, […]
Бишкек шаардык мэриясы менен Бишкекгорлифт борбордогу көп кабаттуу үйлөргө желдеткичи жана «сигнал» баскычы жок лифттерди массалык түрдө орнотууда. Бул тууралуу журналист Лена Нечаева Фейсбук баракчасына жазды.

«Быйыл жайда «Бишкекгорлифт» ишканасы «Чыгыш-5» кичи районундагы 100 эски лифттерди алмаштыра баштаган. Биздин үйдө да алмаштырышты. 2 айга орнотулган. Көрсө, лифтте желдеткичи жана «сигнал» баскычы жок экен. Башкача айтканда, эгер адам бул жаңы лифтке тыгылып калса, анда ал өлүп калат.
Мындан тышкары, Беларус лифттеринин максималдуу температурасы +35 үчүн документтерге ылайык иштелип чыккандыктан жайында бир топ ысып кетет. Лифтти коопсуз кылуу үчүн кондиционер системасы керек. Бул да орнотулган эмес.
Азыр үй комитеттери бузулган лифттерди кабыл алуу актына кол коюуга аргасыз. Ошентип, үй комитеттери бардык кемчиликтерди жана бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алуулары керек. Домком техникалык адис эмес, ал лифтти текшере албайт.
Бишкекгорлифт лифттин ишке жарамдуулугун тастыктай турган техникалык комиссия түзүүдөн баш тартууда. Алар кол коюуга мажбурлашууда. Эгерде биз кол койбосок, лифтти иштетпей коюшат. Тогуз кабаттуу имаратта кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана кичинекей балалуу үй-бүлөлөр жашайт. Кээ бирлери айлап үйдөн чыга албай жатышат»,-деп жазган ал.
Бишкекгорлифттин башчысы Саманчиев Майрамбек Алымбекович Sokol.media сайтына аталган маселе боюнча маалымат берди.
«Ооба, азыркы лифттерде «сигнал» баскычы жок. Себеби мурункулар эскирген. Жаңы баскычтарды койдуруу үчүн акча каражаты талап кылынат. Бирок лифттин ичинде лифттин кызматкерлеринин номуру жазылган. Бир нерсе болсо ошол номурга чалса болот. Ал эми желдеткич боюнча айтсам, лифттерде желдеткич бар. А эгер машинаны айтып жатсанар, ал машинада жок. Бирок биз машинадага желдеткичке жооп бербейбиз«,-деген ал.



