
Бишкекте ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун тургуну П.Д. кармашты. Бул жаран өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга жана коротууга шектелип, издөөдө жүргөн.ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2004-жылы жаран П.Д. “КВТ” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн чечимине ылайык, бул ЖЧКнын директору болуп дайындалган. 2004-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы […]
Бишкекте ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун тургуну П.Д. кармашты. Бул жаран өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга жана коротууга шектелип, издөөдө жүргөн.ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2004-жылы жаран П.Д. “КВТ” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн чечимине ылайык, бул ЖЧКнын директору болуп дайындалган.
2004-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынын жыйынтыгы боюнча “Таза-Суу” программасынын негизинде Жайыл районунун Кожомкул айылын таза суу менен камсыздоо тумумун курууга “КВТ” ЖЧК курулуш уюму тандалган.2004-жылдан 2005-жылга чейинки мезгилде «КВТ» ЖЧК курулуш уюму Кожомкул айылына суу түтүктөрүн курууда бөлүнгөн акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алган. Мунун негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынын жана Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо жана курулуш институтунун текшерүү актысы боюнча жогорудагы курулуш уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын, эрежелерин одоно бузууга жол бергени аныкталган. Натыйжада Кожомкул айылындагы суу менен камсыздоо тутуму иштебей калган. Бул факты боюнча жалпы материалдык чыгым 8 миллион сомду түзүп, 2007-жылы ага издөө жарыяланган.Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.«Айыпталуучуга карата Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө иштери жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.



