
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Исраилов Европанын Жол полициясынын дирекцияларынын 1-аймактык жыйынына иш сапары менен барышты. Сапардын алкагында Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая менен жолугушуу болду. ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо […]
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азамат Исраилов Европанын Жол полициясынын дирекцияларынын 1-аймактык жыйынына иш сапары менен барышты. Сапардын алкагында Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая менен жолугушуу болду.

ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу Стамбул шаарында өтүп жатат.
Анда 2021-2030-жылдарга карата Жол кайгуул кызматынын коопсуздук тутуму, жол кыймылын уюштуруу, жол кылмыштарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалында болгон айдоочуларга карата укук колдонуу практикасы, ошондой эле эл аралык кызматташуу, өз ара аракеттенүү жана жол полициясынын ресурстарын көбөйтүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө КР Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Түркиянын укук коргоо органынын жетекчисине иш-чараны уюштуруп, бул жаатта чет элдик тажрыйбаны үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Жол кырсыктары мамлекетке жана коомго чоң демографиялык, социалдык жана экономикалык зыян алып келгендиктен, жол коопсуздугун жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири жана ар бир өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык жана демографиялык өнүгүүсүн камсыз кылуунун маанилүү фактору», — деди министрдин орун басары.
Тараптар бул программада кароого коюлган маселелер артыкчылыктуу маселелер экенин баса белгилешти. Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы билимдерди берүү кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшкө жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүгө тийиш.Белгилей кетсек, жумушчу сапар 2023-жылдын 10-ноябрына чейин уланат.



