
Сокулук районунда байланган абалда табылган кыздын ата-энесинен 3 баланы алып, убактылуу борборго жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Буга чейин, 2023-жылдын 24-октябрында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Биринчи май айылынын Спортивный көчөсүндө жашы жете элек — 2008-жылы туулган К.А. белгисиз адамдар тарабынан ыплас аракеттерге кабылган деген маалымат келип түшкөн. […]
Сокулук районунда байланган абалда табылган кыздын ата-энесинен 3 баланы алып, убактылуу борборго жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Буга чейин, 2023-жылдын 24-октябрында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Биринчи май айылынын Спортивный көчөсүндө жашы жете элек — 2008-жылы туулган К.А. белгисиз адамдар тарабынан ыплас аракеттерге кабылган деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерди кароо протоколу түзүлүп, ошол жерде ойноп отурган жашы жете элек — 2006-жылы туулган Б. уулу А., 2006-жылы туулган Х.Р.Э. жана 2007-жылы туулган К.З. күбө катары суракка алынган.
Жабырлануучу К.А.нын денесине келтирилген жаракаттарды аныктоо үчүн Сокулуктагы ооруканага жеткирилип, текшерүү иштери жүргөн.
Андан соң, окуя боюнча так маалымат алуу үчүн К.А. мыйзамдуу өкүлүнүн жана үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн социалдык кызматкери К.С.М.нын катышуусунда суракка алынып, төмөндөгүлөр аныкталган.
К.А. 24.10.2023-жылы саат 19:30 чамасында таштанды төгүү максатында көчөгө чыгып, үйүнө кайра келе жатканда, анын артынан белгисиз адам келип, башына урган. Ал эсин жоготуп кулап калган. Андан соң өзүнө келгенде аны кошунасы — 1964-жылы туулган М.З. тургузуп жатканын жана колу-буту байланып, шымы чечилип калганын көргөн.
Жашы жете элек кыз сексуалдык зомбулукка кабылып же кабылбагандыгын аныктоо үчүн Бишкек шаардык сотмедэкспертизага материал жөнөтүлүп, экспертизанын жыйынтыгы боюнча А.К. физикалык жана сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган эместиги жана кыздыгы жабыркабагандыгы аныкталган.
К.Н. үйдөн көп качарын айтылган. Андан тышкары балдар апасы тарабынан физикалык зомбулукка көп кабылары жөнүндө анонимдүү маалыматтар келип түшкөн. Бул маалыматтардын негизинде иш алып барылып, тийиштүү кызматкерлер тарабынан үй-бүлө менен бир нече жолу профилактикалык иш жүргүзүлгөн.
Учурда К.Н.ны реабилитациядан өткөрүү максатында убактылуу 1 айга (апасынын макулдугу менен) Бишкек шаарындагы Балдарды коргоо борборуна жайгаштырылды», — деп айтылат маалыматта.
Булак:Турмуш



