
Акыркы 6 жылдан бери бүтпөй келген «Вефа» соода борборунун айланасындагы чыр дагы да болсо уланууда. Активист Семетей Талас уулу фейсбук баракчасына аталган соода борбордун айланасындагы чыр тууралуу маалымат жазды: «Адилеттүүлүк издеген ишкер Жалпыбызга маалым болгондой, “Вефа” соода борборунун айланасындагы соттук процесстер токтобой, чубактын кунундай чууруп келе жатканына 6 жылга чукулдап калды. Соода борбордун мыйзамдуу ээси […]
Акыркы 6 жылдан бери бүтпөй келген «Вефа» соода борборунун айланасындагы чыр дагы да болсо уланууда. Активист Семетей Талас уулу фейсбук баракчасына аталган соода борбордун айланасындагы чыр тууралуу маалымат жазды:
«Адилеттүүлүк издеген ишкер
Жалпыбызга маалым болгондой, “Вефа” соода борборунун айланасындагы соттук процесстер токтобой, чубактын кунундай чууруп келе жатканына 6 жылга чукулдап калды. Соода борбордун мыйзамдуу ээси болгон, кыргызстандык “Аруу Жылдыз” компаниясы менен Түркия Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлк фонду соттошуп келе жатышат. Себеби, 2016-жылда, жайында Түркия болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине, ФЕТО уюму күнөөлөнүп, аларга таандык делген 961 ар кандай компанияларга арест коюлуп, улутташтырылып, мамлекеттин карамагына алынган. Анын ичинде “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет” компаниясынын ички жана чет элдеги активдери мамлекеттик Мүлк фондуна алынган. Андыктан, Түркия Өкмөтү “Вефа” соода борборунун 2016-жылдагы алып-сатуу келишимин мыйзамсыз деп таануу боюнча арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Себеби, аты аталган соода борбору 2016-жылга чейин “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет” компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын карамагында болгон.
Бирок, маселенин өзөгү такыр башкача.
2015-жылдын 7-март күнү “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет” компаниясынын директорлор Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда директорлор Кеңешинин 2 орун басары Хызыр Гүнгер, Угур Аккоч жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү Жахит Арслан, Азиз Өздемирге компаниянын бардык юридикалык маселелерин чечүү, алып-сатуу процесстерине чейин өкүлдүк кылууга, кол коюуга жана мөөр басууга укук берген чечим кабыл алынат. Бул чечим Түркиянын Соода палатасынын реестринде катталат.
Ушул чечимдин негизинде, компаниянын жогорудагы өкүлдөрү Хулуси Айвердини “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет”тин Кыргызстандагы жана Тажикстандагы филиалдарына башкы директор катары дайындап, эки өлкөдөгү активдерин (мүлк, компания) башкаруу жана сатуу укугун берген нотариалдык ишеним кат (доверенность) беришкен. Бул ишеним кат 2015-жылы 30-ноярбда Стамбул шаарындагы Үскүдар аймагынын нотариусун журналында 20982 номер менен ушул күнгө чейин катталуу.
“ВЕФА” соода борбору болсо, бул компаниянын Кыргызстандагы филиалы болгон.
Айтмакчы, 2020-жылы “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет”тин жаңы кожоюндары ушул Үскүдар аймагынын нотариусу тарабынан берилген Хулусу Айвердиге берилген ишеним катты жокко чыгаруу талабы менен Стамбулдун жарандык сотуна да кайрылышкан. Арийне, 10.04.2020 тарыхында болгон соттук отурумда Стамбул соту бул ишеним катты жокко чыгаруу талабын канааттандырган эмес.
Эми, маселенин башына келели. 2016-жыл. Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш кылуу окуясы бололек, “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет” компаниясынын Кыргызстандагы филиалы, активи болгон “Вефа” соода борбору Түрк Өкмөтүнун улутташтырылган компанияларынын тизмесине кирелек учур.
2016-жылдын февраль айында “Өзгүн Иншаат Тааххүт ве Тижарет” компаниясы менен кыргызстандык “Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коому уставдык капитал түзүү жана мүлктү өткөрүп берүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Бул макулдашуунун негизинде “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” компаниясынын карамагына өткөн. Бир жылдан кийин, 2017-жылдан тартып түрк өкмөтүнө карап калган “Өзгүн Иншаат” компаниясы “Вефа” соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып сатылган деген кине менен сотко кайрылып, “Аруу Жылдыз” компаниясы менен болгон сатуу-алуу келишимин жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүү талабы Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан. Ошондон бери соттук процесстер токтобой келет. Эки сапар Жогорку Сот тарабынан артка кайтарылган. Быйыл, 12-майда Биринчи май райондук соту “Аруу Жылдыз” компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусуз өткөн соттук отурумда түрк тараптын пайдасына чечип, келишимди мыйзамсыз деп табышкан. Бул кыргызстандык ишкер Умсун Назарбекова сатып алган “Вефа” соода борборун жана анын алдында 49 жыл ижарага алынган жерди түрк тарапка өткөрүп берсин дегендик. Кыргызстандык ишкердин каражатын кайтарып берүү боюнча бир ооз сөз дагы жок!
А негизинде, “Аруу Жылдыз” компаниясынын юристтери Түркиянын Нотариалдык палатасына кайрылышканда, баягы Үскүдар аймагынын нотариусу тарабынан Хулуси Айвердиге берилген ишеним кат жокко чыгалектиги белгилүү болгон. Андыктан соттор ушул мыйзамдуу жагдайларды эске алуу менен кыргыз ишкеринин укугун коргоп, адилеттүү чечим чыгарып бериши керек.
Болбосо кыргыз ишкери болгон Умсун Назарбекованын “Вефа” соода борборун Россияда азап-тозокту көрүп жүрүп бизнес түптөгөн мээнетине алынган акчасы күйүп кетеби? Чыркыраган бойдон! Ишкер эже ошондуктан ыйлап жатат.
Урматтуу Садыр Жапаров жана урматтуу Камчыбек Ташиев, бул маселеге дыкат карап, “Вефаны” сатып алуу учуру тиги өлкөдө болуп өткөн төңкөрүшкө чейин эле болгонун эске алып, адилет чечип бересиздер деп ойлоймун»,-деп жазган ал.
Эске салсак буга чейин Sokol.media сайты аталган иш боюнча журналисттик иликтөө жасаган эле.



