
Жогорку Кеңештин бардык фракциялары жана депутаттык топтор республикалык бюджеттин 2024-жылга карата долбоорун жактырды.Жыйында баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев кийинки жылы өлкө казынасында профицит болорун билдирди. Депутаттарга төмөнкүдөй план сунушталды:Киреше бөлүгү — 378,4 миллиард сом (быйылкыдан 53,4 миллиард сомго көп)Чыгашалары — 358,8 миллиард сом (быйылкыдан 12,5 миллиард сомго көп)Профицит — 19,6 миллиард сом.Ал эми консолидацияланган […]
Жогорку Кеңештин бардык фракциялары жана депутаттык топтор республикалык бюджеттин 2024-жылга карата долбоорун жактырды.Жыйында баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев кийинки жылы өлкө казынасында профицит болорун билдирди.
Депутаттарга төмөнкүдөй план сунушталды:Киреше бөлүгү — 378,4 миллиард сом (быйылкыдан 53,4 миллиард сомго көп)Чыгашалары — 358,8 миллиард сом (быйылкыдан 12,5 миллиард сомго көп)Профицит — 19,6 миллиард сом.Ал эми консолидацияланган бюджеттин суммасын 600,7 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.



