
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.



