
2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти ВладимирПутиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешининжыйыны өтүшү күтүлүүдө. ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдиргендей, ага карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 4 миңден ашык кызматкер жана 250гө жакын техника тартылат. Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун жанаЧүй облусунун ички иштер [&hell
2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти ВладимирПутиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешининжыйыны өтүшү күтүлүүдө.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдиргендей, ага карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 4 миңден ашык кызматкер жана 250гө жакын техника тартылат.
Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун жанаЧүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт.
Ошондой эле бул иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Бишкек шаарынынмэриясынын Билим берүү департаменти үстүбүздөгү жылдын 12-13-октябрындабардык мектептерди жана бала бакчаларды онлайн окутуу режимине өткөрүүчечимин кабыл алган.
2023-жылдын 12-13-октябрында жогоруда айтылган иш-чараларды өткөрүүучурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаарынын төмөнкү көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Алар:— «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисинечейин;
-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манаспроспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттикрезиденциясына чейинки бөлүгү;
— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдыккомплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объезднаядорога) аркылуу Кант шаарына чейин, тагыраак айтканда:
— Чүй көчөсү Манас прспектисинен тартып, Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинкибөлүгү;
— Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейинкибөлүгү;
— Жибек-Жолу көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Курманжан-Даткакөчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Алма-Ата көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, чыгыш айланма (объезднаядорога) жолуна чейинки бөлүгү;
Андан ары чыгыш айланма жолу аркылуу (объездная дорога) Кант шаарыначейин.
«Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилгенчектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Жолдордотыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдордо жүрүм-туруммаданиятын сактоону жана көрсөтүлгөн көчөлөргө унаалардыкалтырбооңуздарды суранабыз”.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынкоопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы келтирилген убактылууыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучуларымамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу мындай мажбурлоо чарасынкиргизүүнү туура түшүнөт деп үмүттөнөт, каттамдар өзгөргөн учурда,кошумча маалымат берилет.



