
Кыргызстанда биринчи сорттогу ундун баасы туруктуу, сатып алуучулар арасында ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов билдирди.Анын айтымында, атамекендик өндүрүштүн биринчи сорттогу бир кап уну 1 миң 500 сомду түзөт.Чиновник ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында ун жана буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу […]
Кыргызстанда биринчи сорттогу ундун баасы туруктуу, сатып алуучулар арасында ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов билдирди.Анын айтымында, атамекендик өндүрүштүн биринчи сорттогу бир кап уну 1 миң 500 сомду түзөт.Чиновник ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында ун жана буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынганын эске салды.



