
2023-жылдын 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Маалыматты ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, 21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, […]
2023-жылдын 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Маалыматты ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, 21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°;Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°,Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°,Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.«Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.Урматтуу жарандар! Коопсуздук эрежелерин так сактаңыз!☎️Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына байланышыңыз»,-дешет ӨКМден.



