
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындаган. Эске сала кетсек, Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Алмамбет Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап, ЖК депутаты да болгон.
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындаган.
Эске сала кетсек, Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Алмамбет Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап, ЖК депутаты да болгон.



