
«Вагнер» аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүн коюлду. Бул тууралуу ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү. Көрүстөндүн администрациясы MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти. «РИА Новости» агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка марк
«Вагнер» аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүн коюлду.
Бул тууралуу ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү.
Көрүстөндүн администрациясы MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти.
«РИА Новости» агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка маркумдун үй-бүлөсүнөн тышкары жакын достору гана катышты.
«Вагнердин» негиздөөчүсү жана дагы 9 киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн.



