MyCollages 2
8 / 100

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштуруп жатышат.
Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдиргендей, башкармалыктын кызматкерлери бүгүн Бишкек шаарындагы мектептердин баардыгына бөлүнүп, мектеп алдыларында жол коопсуздугун камсыз кылышып, мектептеги иш-чарага катышып, мектеп окуучулары жана ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкарып мыйзамсыз иштерге катышып калбоосун эскертишүүдө.
Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына жана мыйзам бузууларга кабылуусун алдын алууга багытталган.

Loading

От admin