WhatsApp Image 2024 09 20 at 10.52.01
10 / 100

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «Кыргызпочтасы» ААКсынын кызматкерлери тарабынан алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, «Кыргыз почтасы» ААКнын «Таштак» байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К. Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен тил табышып, ишенип берилген 10 700 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алып, короткону аныкталган.
2024-жылдын 17-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Э.Э.К. жана И.С.Б. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Loading

От admin