1956073.e242717634f4f868ac11fd9640f6a954
9 / 100

Орусиянын Москва шаарында Кыргызстандын 23 жаштагы жараны 6-кабаттан кулагандыгы тууралуу «SHOT» телеграмм каналы жазды.

Каналдын маалыматына караганда, 23 жаштагы кыздын 6 айлык боюнда бар болгон жана 17-июнда агасынын батирине конокко барган. Түнкү нөөмөттүн алдында уктап алуунуну чечкен кыз, кеч ойгонуп калган. Агасынын айтымында, карындашы ойгонгондо катуу жини келип, жумушка кечигип калуудан коркуп, терезеден секирген.

Учурда полиция кызматкерлери кыздын агасын бул окуяга тиешеси бар-жогун текшерип жатышат.

«Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган жана кыз ооруканага жеткирилген. Ал баш мээсинен жана омурткасынан жаракат алган. Азырынча анын ден соолугуна жана курсагындагы балага эч кандай коркунуч жок»,-деп айтылат маалыматта.

Loading

От admin