Азия чемпионаты 2024: Акжол Махмудов финалга чыкты

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмакта 1\4 финалдан баштады. Анда 2023-жылдын Азия чемпиону казакстандык Ибрагим Магомадовдон 1:3 эсеби менен артта калып келе жатып, эсепти 3:3 кылып теңеп жеңишке жетти. Ал эми жарым финалда ирандык 21-жашар Амир Али Абдини мөөнөтүнөн мурда 11:2 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште япониянын балбаны Нао Кусака менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00 дө башталат

От admin

Добавить комментарий