Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов финалга чыкты.

Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Турнирдин алгачкы беттешинде казакстандык Ибрагим Магомадов менен кез келип, Махмудов жеңди.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы ирандык 21 жаштагы Амир Али Абди болду. Махмудов 1 мүнөт 59 секундда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, финалга өттү, анын атаандашы япониялык болот. Акыркы блоктук беттештер 18:00дө башталат.

От admin