Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин айтып, Кыргызстан үчүн Казакстан боордош мамлекет гана болбостон, негизги соода өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгиледи.

Эки тарап тең акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн ырааттуу өсүшүн баса белгилеп, биргелешкен инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорун жүргүзүүнүн эсебинен өз ара сооданы 2 млрд АКШ долларына жеткирүүгө мындан ары умтуларын, ага кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү алкагында Садыр Жапаров кыргыздар казактар менен, казактар кыргыздар менен сыймыктануусуна умтулуп, достукту бекем тутууга чакырды.

Казакстандын премьер-министри Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жылуу саламын айтып, Казакстандын аймактарындагы суу ташкындарына байланыштуу бир туугандык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Аягында президент Садыр Жапаров сапардын жыйынтыгы жана өкмөттөрдүн биргелешкен иши өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

От admin