Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Таластагы селден улам жабыркагандарга оперативдүү түрдө жардам көрсөтүлбөй жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы КР Өкмөтүнүн КР Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Ахунжанович бардык чыгымдар эсептелип жатканын айтты.

«Талас районунда сел жүргөнүнө төрт күн болду, элге кабар бериле элек. Тийиштүү органдар кабар бере албаса, канча убакыт керек, бир керекпи? Элге компенсация төлөнөт, мындай иштер жүрүп жатат деп маалымат берилиш керек да»,-деди эл өкүлү.

» Дастан Артисбекович, айтылды, бардыгы жеринде иштеп жатышат. Компенсация боюнча жеке президентибиз тапшырма койду. Бардык жерде жабыркаган элге жардам берилет деп. Азыр комиссияны күтө туралы. 2008-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен Страховка болбогон үйлөргө эч кандай жардам жок. Страховка болгон үйлөргө жардам көрсөтүлөт. Ал эми калганына атайын чечим менен тиешелүү жардамдар берилет. Бир дагы элибиз жардамсыз калбайт»-деди ӨКМ дин өкүлү.

Дастан Артисбекович ӨКМ өкүлүнөн «Мыйзам өйдө турабы же конституциябы?»— деген суроону узатканда ал Конституция өйдө тураарын айтты.

«Анда конституцияны карап коюңуз, 19-берене. Жазылып турат. Социалдык жардам берилет деп. Элге ошону айтып коюңуздар. Эл күтүп жатат»-деди Дастан Артисбекович.

От admin