Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиев менен АКДНдин  Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазалдын жолугушуусу  болуп өттү.

Борбор калаанын башчысы Ага Хан Фонду өнүктүрүү уюму менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп, муниципалитеттин маселелерди кыска мөөнөттө чечүүгө даярдыгын билдирди.

Айбек Джунушалиев 2024-жылдын сентябрь айына белгиленген тажрыйба алмашуу боюнча Мэрлердин форумун уюштурууда кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Жыйында борбордун жашыл фондун жакшыртуу (реновация) сүйлөшүлүп, өз кезегинде Баркат Фазал АКДН Биринчи май районуна көчөттөрдү отургузганын кошумчалады.

Мындан тышкары тараптар кылып жаткан административдик-аймактык реформанын негизинде муниципалитеттин ишин жана бул багытта кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.