Президенттин иш башкаруучусу жетекчиси Каныбек Туманбаев чайханадагы чуулгандуу окуя боюнча SUPER.KG порталына пикирин билдирди.

Каныбек Тургунбекович Азамат Марипов аттуу жарандын соцтармактагы видеокайрылуусун сиз деле көрсөңүз керек. Ошол боюнча комментарий берсеңиз. Ал айткандай чын эле 13 миң доллар бердиңиз беле? Өкүл ата болуу сунушу жана башка айткандары чынбы?

— Эми суроо берип калдыңыз мен баарын төкпөй-чачпай айтып берейин. Мага Азамат Марипов «Мен мекенчилдердин башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп жатам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үлпөт тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз» деп келгени чындык. Мен ойлонуп эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир. Дал ошол маалда Бишкектеги Ахунбаев көчөсү 80 дарегиндеги жер тамымды сатып, акчасы колумда турду эле. Кадастрдан барып карасаңар переоформлениеси чыгат.

Акча керек болуп 330 миң долларга саткам. Ал үйдү 2017-жылы сатып алып, акчасын толук кутулуп бүткөндөн кийин 2020-жылы иниме каттап, өзүм жашап жаткам. Ошол 330 миңден 13 миңин бердим эле да. Анан кийин сурасам үйлөнбөй эле жүрөт. Эмне болду десем кыз жакпай калды деп койду. Ии башка кыз алса керек деп ойлоп койгом. Кийинчерээк тез-тез эле телефон чала берди, смс жаза берди. Менин ишим көп жооп бергенге убактым жок, жооп жаза албадым. Анан эле шантаж кылганга өттү “Бүгүн кабыл албасаң кеч болот, эртең түз эфирге чыгып сени шыбайм”,- деп. Ай эмне болду сага? Сураган жардамыңды бердим го? Башка акча жок десем, “Ал акчаңды Адинай карындашым менен Кудрет агамдын карыздарын жаптым, мага дагы акча керек болуп” атат деди. “Жок башка акча” деп телефонду коюп койдум.

Ошондон баштап өзү баш болуп мекенчилмин деген башка балдар баары биригип мени соцсеттерден шыбай башташты. Мен президентке кирип «Азамат Марипов мени шантаж кылып атат» деп айттым. Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша» дегенде Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди «Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың дегенде, маңдайында олтурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун 4 баласы бар экенин, ал жумушсуз олтурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым» деп жооп берди.

Ошол жерден бир тууган карындашы Адинай Марипова дароо президенттин көзүнчө уятын чыгарды. “Эй эмне алдап атасың? Качан менин карызымды жаптың? Менден карызга алган 50 миң сомумду эле кайтарып бердиң го? Кайсы карызымды жаптың” дегенде унчукпай калды. Президенттин алдында уялып да калбайт экен. Берки бир тууганы унчуккан жок. Ага бир азыраагын берсе керек да.

— Макул, жаш жигит жакшы ниет менен сизге “өкүл ата болуп бериңиз, үйлөнөт элем” деп келип жатса колдодуңуз дейли. Андан кийин өз ара пикир келишпестик эмнеден улам келип чыкты?

— Орусча айтканда «Мою доброту за слабость принимать» этти. Ии коркутсам эле акча берет экен деп ойлоду. Асмандан жаап аткан акча жок да. Биз иштеп жүрсөк эле “Ии булар акчаны күрөп жатат” деп ойлошот окшойт. Былтыр, атын айтпай эле коеюн, бир мекенчилмин деген бала мага “Бизге деле курулуш иштерин бергиле. Биз деле акча табалы” деп келди. “Ме кур” деп МИКке салынып жаткан бир курулушту сунуштадым. Квадрат метрин 850 доллардан курам дейт. “Эй андай болбойт. 550дөн 650гө чейин гана болот. Ошол дагы ачкычка чейин. Андан ашык МИК төлөбөйт десем, «мага эч нерсе калбайт турбайбы» деп кетип калды. Президентибиз өкмөт өзүбүз курсак сапаттуу анан арзан курат экенбиз деп МИК аркылуу массалык түрдө курулуштар жүрүп жатпайбы. Ошол курулуштарды көрүп алышып «ии, биякта чоң акча бар экен» деп ойлоп атышса керек.

Өткөндө депутаттар да кыдырып көрүп кетишти. Өз көздөрү менен көргөндөн кийин карапайым эл үчүн жакшы иштер жүрүп жатканын түшүнүштү.

— Чайханадагы ооз ачарда жашыруун камера коюп аткандар сизди коштоп жүргөн балага окшош экен. Чын эле ошолбу? Эгер ошол болсо видеокамераны койдурганга тиешеңиз барбы? Болсо, кандай максатта койулду эле?

— Ооба ошол. Мени коштоп жүргөн бала. СГОнун кызматкери. Мындан бир жыл мурда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев мага телефон чалып, «Ээй бала, сен түбөлүк кызматта турбайсың. Эртең эле менин колума түшүп каласың. Менин обьектилериме тийишпе» деп мени коркуткан. Жалгыз эле Көлбаевдикин эмес мыйзамсыз прихватташтырган объектилердин баары мамлекетке кайтарылып жатпайбы. Ал анын баарын мен кайтарып аткандай көрүптүр. «Мен мамлекеттин саясатын, буйрукту гана аткарам» десем болбой коркутту. Далилдер турат. Ошондо президентибиз кайтарууга алынсын деп СГОнун бир кызматкерин бөлүп берген.
Ал дем алыш күндөрү менин жанымда болбойт. Өз иштери менен жүрөт. Камера койдурганга менин тиешем жок. Эмнеге жана ким үчүн койгону боюнча мен айта албайм. Өзүнөн сурагыла. Эми ушул жерден кандай болгонун ийне жибине чейин айтып берейин.
Эл баасын берсин. Мен кандай болгонун териштирдим.

Мекенчилмин дегендерди менин охранам чакырган эмес. Башка эле биз тааныбаган бала өздөрүнүн мекенчилмин деген бирөөсү ооз ачарга чакырган экен. 19-кабинаны заказ бериптир. А менин охранам камера коюп жаткан кабина 4-кабина экен. Таптакыр башка максатта коюп жаткам деп түшүндүрдү мага. Мекенчилмин дегендер менин охранамды таанышат да. Сен биякта эмне кылып жүрөсүң деп өздөрүнө тиешеси жок эле 4-кабинага кирип келишип, коюп аткан камераны жулуп алышып ызы-чуу чыгарышкан экен.

Анан кафенин администратору келип “Силер 19-кабинаны буюрутма бербедиңер беле? Тиешеңер жок кабинага эмнеге кирип бардыңар” деп баарын 19-кабинага жетелеп кетиптир. Мына ушундай акыркы болгон окуялар.

От admin