Чебурашка кайтып келди! Бишкекте Россия киносунун фетивалы башталды.

Кыргызстандын эки шаарында 11-14-апрель күндөрү «Манас» кинотеатрында РОСКИНО РФ Маданият министрлигинин жана Кино фондунун колдоосунда уюштурган “Россия киносунун фестивалы” болот. Ал эми Ошто коноктор үчүн «Семетей» кинотеатрынын эшиги ачылат.

Жылда өтүүчү кинофестивалды режиссер Клим Шипенконун тарыхта биринчи жолу космосто тартылган «Чакырык» тасмасы ачат. Иш-чаранын программасына «Аба» аскердик-тарыхый драмасы, «Чортон балыктын буйругу менен» жомогу, «Чебурашка» үй-бүлөлүк комедиясы жана «Жут чымчык» фильм-катастрофасы дагы кирген. Фильмдер кыргызча субтитрлер менен орус тилинде жана акысыз негизде көрсөтүлөт.

Быйыл Россия киносунун Кыргызстандагы күндөрүнө төмөнкүлөр катышат.

Борис Хлебников, «Жут чымчык» фильминин режиссеру жана сценаристи, көрүүчүлөргө «Аритмия» «Бактылуу узак жашоо», «Бороон» жана «Жөнөкөй аял»; сериалдары боюнча таанымал.

Анна Семенова (Мустина), «Аба» тасмасына тартылган актриса;

Оксана Фролова, «РОСКИНО» АК башкы директорунун орун басары;

Юлия Брагина, Россиянын Госфильмофонд департаментинин атайын долбоорлор жана коомчулук менен байланыш иштери боюнча директору.

Россия киносунун фестивалынын ачылышы 11-апрелде «Манас» кинотеатрында саат 19:00 болот. Дареги: Бишкек шаары, Чыӊгыз Айтматов көч., 47А. Ошто кино көрсөтүүлөр 12-апрелде, Раззаков көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан «Семетей» кинотеатрында башталат.

От admin