Башканы коюп Манасты айт, деген улуу кыргыз элинин урпактары Ысык-Көлдүн
жээгинде төгүлө Манас айтып, “Манас!” деп ураан чакырды. Анткени, Кыргыз
Республикасынын  Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору
Эргеш Алиев  атындагы Академиясы менен Ички иштер министрлигинин Басма
сөз кызматы менен биргеликте «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас»,
«Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу
боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына
карата ИИМдин Академиясынын 100 курсанты “Манас” айтышты.
Иш-чара 2024-жылдын 11-апрелинде  Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” этно
комплексинде өткөрүлдү. Көл жээгиде көл толкуну менен жарыша,
добулбастын бийик жаңырган добушу менен курсанттар Манас айтышты. Иш
чаранын максаты, жарандарыбыздын руханий-адеп ахлагын, маданий
мурастарыбызга сүйүүнү бекемдөө, патриоттулугун курчутуу, адеп-ахлакка
үндөгөн таасирдүү мыкты чыгарма жаратуу. Анткени “Мен кыргызмын” деген
улан-кыздарыбыздын жүрөгүнүн түпкүрүндө улуу мурасыбыздын уюткусу бар
эмеспи.

Бул курсанттардын Манас айтып жаткан учурунда жан  дили менен берилип
айтканынан даана билинип турду. Айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин
эстелигинин жанында, өзүндөй болуп айтпаса да, көл толкуну менен жарыша,
добулбастын бийик жаңырган добушунда төгүлө айтып турушту.Буга чейин бир
канча жолу Манас айтуу сынактарына, эстафеталарга катышып жүргөн
курсанттар, чындыгында Манас айтууда  башкача сезимдер пайда болуп, дем
күч топтоп, эл-жерибизге болгон сүйүүбүз курчуп,  даңкка жеткендей бийик
сезимдерге жеткендей болобуз дешет.
Кыргыз элине таандык өнөрдү даңазалоо иш-чарасын  мындан ары салтка
айлантып Кыргызстандын кереметтүү жерлеринде өткөрүү белгиленди.

От admin